Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Сирия террорчулукту жактагандарга “катаал чара” көрүүгө чакырды


Сириянын тышкы саясат мекемеси кечээ Дамаскта орун алган эки ири жардыруудан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, террордук аракеттерди жактаган өлкөлөргө “катаал чара” көрүү керектигин белгиледи. Кечээ Дамаскта жанкечти башкарган машинелер жарылып, 55 адам мерт кетип, 372 киши жарадар болгон. Бул президент Башар Асадга каршы көтөрүлүш башталгандан берки эң кандуу окуя деп бааланууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү окуядан кийин "терроризм бүтүндөй дүйнө коомчулугуна олуттуу коркунуч алып келди" деп билдирүү жасашты.

XS
SM
MD
LG