Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Индонезиядагы кырсыкты иликтөө бир жылга созулушу мүмкүн


Кечээ Индонезияда кулаган орусиялык Sukhoi Superjet-100 учагынын кыйроо себептерин иликтөө өтө көп убакытты талап кыларын Индонезиянын бийликтери билдирүүдө. Анын себебин учак кулаган тоолуу жана токойлуу аймака жетүүнүн өзү бир топ машакат болгону менен түшүндүрүүдө.

Кечээ Орусияда жасалган Sukhoi Superjet-100 учагы Жакартанын аэропортунан көтөрүлгөндөн 21 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Учактагы 45 адам, алардын көбү индонезиялыктар жана орусиялык экипаж мүчөлөрү болгон. Кыйроодон бир да адам тирүү калган эмес.

Орусиялык өндүрүштөгү Sukhoi Superjet-100 учагы Индонезияга аны сатып алгысы келгендер үчүн көргөзмө учууларга барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG