Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Ош: Ажыга барам дегендер эки эсе көп


Ош облусунда быйыл Мекеге барам дегендердин саны квотадан эки эсе көп болууда. Бул тууралуу бүгүн Ошто Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун катышуусунда өтүп жаткан жыйында айтылды. Жыйында Ош облусунун ажылык сапарга даярдыгы талкууланууда. Облус казысы Ниязалы ажы Ариповдун билдиргенине караганда, Ошко быйыл Мекеге барууга 816 орун берилген. Бирок каалоочулардын саны 1648 адамга көп болуп жатат.

Быйыл Кыргызстанга Сауд Арабстан ажылык сапарга 4500 орун бөлдү. Мекеге барууну каалагандар үчүн талап быйыл катуу. Мурда ажылыкка барбагандар, намазга беш маал жыгылгандар жана карызы жоктор гана бара алат. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG