Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

12-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
11-14-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
12-майда айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 19..24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8 градус, күндүз 18...23
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20..25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3..+2, күндүз 14...19,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 23...25 градус болот.

XS
SM
MD
LG