Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Козголоңчулар: Дамасктагы жардыруулар боюнча иликтөө жүрсүн


Сирияда козголоңчулар кечээ борбор шаар Дамаскта болгон кош жардыруу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө үндөштү. Жардыруулар кеминде 55 кишинин өмүрүн кыйган, 370тейи жарадар болгон.

Сириянын азат армиясы кабыл алган билдирүүдө карасанатайлыкты уюштурган кишилерди аныктоону чет өлкөлүк комиссияга тапшыруу сунушталат. Оппозициядагы Сириянын улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галиоун президент Башар Асаддын өкмөтү Кофи Аннандын тынчтык планын өлтүрүүгө аракеттенүүдө деп билдирди.

Өкмөттүн ырастоосунда, кечээ күнкү жардырууларды жанкечти террорчулар ишке ашырган. Теракттар Сирияда жаңжал башталган 14 айдан берки эң кандуу окуя болуп калды.

XS
SM
MD
LG