Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Кулаган учакта бараткан 10 кишинин сөөгү табылды


Индонезияда 9-майда кулаган орусиялык учакта бараткан 10 кишинин сөөгү табылды. Куткаруучулар тобунун башчысы маалымдагандай, сөөктөрдү Салак тоосунан тик учак менен алып түшүшөт. "Сухой-Супержет-100" учагы шаршембиде көргөзмө маалында кырсыкка учураган. Анын бортунда 45 киши бар болчу. Көбү – индонезиялыктар, 8 киши Орусиянын жарандары. Эч кимиси аман калган эмес. Кырсыктын себептери иликтенүүдө. "Супержет-100" СССР кулагандан кийин Орусияда жасалган жүргүнчү ташыган биринчи учак.

XS
SM
MD
LG