Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Сот парламент менен соттошкон укук коргоочуну колдоду


Бишкек шаардык соту бүгүн парламент менен соттошуп жаткан укук коргоочунун пайдасына чечим чыгарды. Эми Жогорку Кеңештин аппараты укук коргоочулардын талабын аткарышы керек. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

"Эркиндик үнү" коомдук фондунун өкүлү Жаңыл Сартова кайсы депутат, кайсы күнү, эмне себептен жана канча жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышпай, кесиптештерине ал үчүн добуш берип коюу үчүн ишеним кат менен кайрылганы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылган.

Жогорку Кеңештен жооп болбогондуктан ал сотко кайрылган. Быйыл 2-мартта Бишкектин район аралык соту парламент мындай маалыматты берип, бирок депутаттардын атын атабашы керек деп чечим чыгарган. Укук коргоочу бул чечимге макул болбой, депутаттардын аты-жөнү толук жазылган маалыматты талап кылып шаардык сотко кайрылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG