Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кыргыз-казак чек арасында 3 өткөрүү пункту ачылат


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстандагы расмий сапары маалында кыргыз-казак чек арасындагы 3 өткөрүү бекетин ачуу макулдашылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Исаковдун айтымында, 15-майдан тарта Ысык-Көлдөгү Каркыра – Кеген, Чүйдөгү Ак-Тилек жана Таластагы Кичи-Капка өткөрүү бекеттери ачылат. Буга чейин чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов мунун баары кыргыз тараптын өтүнүчү менен Ак-Жол өткөрүү бекетиндеги абалды жөнгө салуу үчүн жасалып жатканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, эки өлкөнүн ортосунда 12 өткөрүү пункту бар. Алардын алтоо эки тараптуу, калганы көп тараптуу.

Ысык-Көл облусундагы Каркыра, Чүйдөгү Ак-Тилек, жана эки тараптуу делген Таластагы Кичи-Капка, Чүйдөгү Жайыл, Камышановка, Күркүрө пункттарын казак тарап Кыргызстандагы 2010-жылкы окуялардан кийин жаап алган. Муну Казакстандын бийликтери Кыргызстан тараптан курал-жарак аткезчилиги болууда деп түшүндүргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG