Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Сотто Брейвикке жабыркагандардын бири бут кийим ыргытты


Норвегияда экстремист Андерс Беринг Брейвиктин соту жүрүп жаткан учурда залда отургандардын бири айыпталуучуга каргышын айтып, бут кийимин ыргытты.
Бирок ал Брейвикке эмес, адвокаттардын бирине тийген. Тартип бузган адамды залдан чыгарып жиберишти.

Былтыр Ослодо жана Утойя аралында Брейвиктин колунан ажал тапкан 69 кишинин арасында анын бир тууганы да бар экен. Брейвик бул кылмыштар үчүн өзүн күнөөлүү деп сезбей турганын, бейкүнөө адамдарды өкмөттүн миграциялык саясатынан коргонуу максатында өлтүргөнүн айтып келатат.

XS
SM
MD
LG