Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Грузиянын ТИМи Орусиянын дооматтарын четке какты


Грузиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн жашыруун кызматтары чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаров менен байланышып турушат деген Орусиянын дооматтарын четке какты.

Орусиянын антитеррордук комитети 10-майда Грузиянын жикчил Абхазия жумуриятында курал-жарак жана жардыргыч заттар колго түшүрүлгөнүн кабарлаган. "Алар Сочиде 2014-жылы өтө турган Кышкы Олимпиадада теракт уюштуруу үчүн пайдаланмак жана анын артында грузин атайын кызматтары менен иштешкен Умаров турат", - деп ырастоодо комитет.

11-майда жарык көргөн билдирүүсүндө грузин тышкы мекемеси Орусиянын мындай ырастоолору "эл аралык коомчулукта жаңылыш ойду пайда кылат жана региондогу абалды курчутууда" деп белгилейт.

XS
SM
MD
LG