Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Литванын президенти Харьковдогу ооруканада Юлия Тимошенко менен жолугушту


Литванын президенти Далия Грибаускайте Харьковдогу ооруканада Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко менен жолугушту. Президент кездешүүдөн кийин билдирүү жасап, Европа биримдигинин Украинага болгон ишеними түгөнүп баратканын айтты. Грибаускайте кыйын кырдаалды жөнгө салуунун жолдору бар, бирок украиндер "биримдик менен интеграция же изоляцияны өздөрү тандашы керек" деди.

Тимошенко германиялык нейрологдордун көзөмөлүндө кыр аркасындагы илдеттен дарылануу үчүн 9-майда ооруканага жаткырылган.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген экс-премьер 7 жылга кесилип, Харьковдогу колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Анын тарапкерлери өкүмдүн артында саясат турат деп санашат. Литва президенти Тимошенко былтыр күздө соттолгон бери аны менен жолугушкан биринчи чет өлкөлүк лидер. Экс-премьердин иши Киев менен Батыштын мамилелерине салкындатып жиберди.

XS
SM
MD
LG