Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Грекияда коалиция түзүү боюнча чукул аракет уланууда


Бүгүн президент Каролос Папулиас саясий жетекчилерди коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүгө чакырат, бирок андан майнап болоору күтүлбөйт. Жума күнү Социалисттик "Пасок" партиясынын жетекчиси Эвангелос Венизелос коалициялык өкмөт курай алган жок. Ага Грекияга бөлүнгөн 130 миллиард евролук куткаруу планын күчүнөн кетирем деген радикал солчул Алексиз Трипрас кедерги болду. Эгер бүгүнкү сүйлөшүүдөн майнап чыкпаса, Папулиас жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болот. JCH

XS
SM
MD
LG