Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Сүлүктүдөгү сел бир адамдын өмүрүн алды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ түштөн кийинки селден Баткендин Сүлүктү шаарынын тургуну Зуура Муратова каза тапты. 42 жаштагы бул тургунду мал кайтарып жүргөн жеринен сел агызып кеткен. Анын сөөгүн туугандары 15 чакырым алыстыктан табышты. Сүлүктүдөгү селден 40тан ашык турак-жай жана чарбалык курулуштарды суу басты. Жалпы 1,5 чакырымдай жолго шагыл толуп, бир автоунаа селге агып кетти.

Мындан тышкары 12-майда түштөн кийин Баткендин Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек районунун Тогуз-Булак, Маргун, Сумбула, Бешкент, Ак-Суу айыл аймактарында да сел жүрдү. Натыйжада Лейлекте жүзгө чукул үйдүн чарбактарын суу каптап, сел айрым турак-үйлөрдүн ичине чейин кирди. Ошондой эле кечээ Оштун Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда да сел катталды.

Мындан эки күн мурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Ала-Бука райондорунда, Таш-Көмүр жана Майлы-Суу шаарларынын айрым аймактарында сел жүргөн. Учурда кырсык катталган аймактарды министр Кубатбек Боронов баштаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу кыдырып жүрөт.

Кыргызстандын түштүк облустарында апрель айынын соңунан бери сел кырсыктары катталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG