Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Бишкекте студенттердин жазгы фестивалы өтөт


14-майда Бишкектеги “Сейтек” борборунда студенттердин “Бишкек жазы” фестивалы башталат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, быйыл онунчу жолу өткөрүлүп жаткан бул фестивалга Бишкектеги 18 жогорку окуу жай менен 2 кесиптик окуу жайдын студенттери катышат. Анын жүрүшүндө студенттер атайын белгиленген программа боюнча музыкалык өнөрлөрүн көрсөтүшүп, аларга Кыргызстандын аттуу-баштуу артисттери баа беришет.

Быйыл фестивал Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына арналууда. Фестивал талантуу студенттерге көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Бишкек мэриясынынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан фестивал 23-майда чоң концерт менен жыйынтыкталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG