Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Евро-2012 кубогуна кол салган ФЕМЕНчи кармалды


Украинада жалаң кыздардан турган ФЕМЕН нааразылык тобунун мүчөсү Киевдин борборунда ачык асман алдында турган европалык футбол чемпионатынын кубогун кулаткандан кийин кармалды. Юлия Ковпачик алгач үстүнкү кийимин чечип салганда курсагында «Евро-2012ге наалат» деген жазуу болгон. Ал кулаткан кубокко бир аз жарака кеткени кабарланууда. Полша менен катар Украинада келерки айда өтө турган чемпионаттын уюштуруучуларын ФЕМЕН секс-туризмди жана ичкичтикти козутат деп айыптоодо. Украинада жана чет өлкөлөрдө белине чейин чечинген акциялары менен ФЕМЕНчилер социалдык акыйкатсыздыкка, зордукчулукка жана аялдардын эксплуатациясына көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG