Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Ооганстанда тынчтык арачысы атып өлтүрүлдү


Ооганстандын тынчтык кеңешинин улук мүчөсүн белгисиз куралчан баш калаа Кабулда атып кетти. Кол салуу ооган өкмөтүнүн талип козголоңчуларына каршы согушту саясий жол менен чечүү аракетине кедерги келтирээри айтылууда. Полициянын маалыматына ылайык, Арсала Рахмани машинасында баратканда эки жолдун кесилишинде атылды. Талибан бул киши өлтүрүүгө жоопкер эмес экендигин бышыктады.

70 жаштагы Рахмани мурда талиптердин катарында болуп, кийин президент Карзайдын элдешүү боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Талиптердин өкмөтүндө ал орто билим берүү министри болгон.

XS
SM
MD
LG