Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Прагада Айтурган Темирова менен жолугушуу болду


Айтурган Темирова Прагадагы салтанатта
Айтурган Темирова Прагадагы салтанатта
Нацисттик Германиянын үстүнөн жеңиштин 67 жылдыгына арналган 12-майдагы салтанатта Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтурган Темирова башкы ролдо тартылган (Снайперлер) “Көзгө атарлар” тасмасы көрсөтүлдү. Чехиянын баш калаасындагы Орусиянын Маданий борборундагы салтанат орус жана казак элчиликтеринин демилгеси менен уюштурулду.

Чехияда жашаган Айтурган Темирова "Азаттыкка" мындай деди:

- Жолугушуу абдан жакшы өттү. Чехияда бул филмди көп деле билишпейт го деп ойлогом. Согушка катышкан ветерандар келип, колумду өөп, абдан жакшы кабыл алышты.

Чоң экранга 1985-жылы чыккан “Снайперлер” көркөм тасмасы казак мергени, 18 жашында Беларустун аймагында нацисттердин огунан набыт болгон Советтер Союзунун баатыры Алия Молдокулованын тагдырына арналган, режисеру Болот Шамшиев.

XS
SM
MD
LG