Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Жапонияда уйгурлардын конференциясы ачылды


Кытайдан көз карандысыздыкка жетишүү маселесин талкуулоо үчүн жапон борбору Токиодогу беш күндүк жыйынга дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн 200дөй уйгур делегаты чогулду. Көптөгөн уйгурлар алар мамлекет колдогон куугунтуктун курмандыктары экендигин, мекени миллиондогон кытайлардын миграциясы астында калгандыгын айтып келишет.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин сүргүндөгү лидери Рабия Кадырдын конференцияда билдиргенине караганда, Бээжиндин “күч менен ассимляциялоо саясаты” заманбап демократияны шартында кабыл алынгыс.

Рабия Кадыр дүйнөнүн 20дай мамлекетинен чогулган уйгурлардын конференциясы “Азиянын эң демократиялуу өлкөсүндө” өтүп жатканын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG