Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

15-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
15-21-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
15-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Баткенде түнкүсүн 6...11 күндүз 20..25 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11 градус, күндүз 19...24
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16..21,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 12...17,
Тоолордо түнкүсүн -4...-9, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 24...26 градус болот.

XS
SM
MD
LG