Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Орокто жер талаш боюнча сот уланууда


Бүгүн (14-майда) Чүйдүн Сокулук райондук сотунда Орок айыл өкмөтүндөгү жер талаш боюнча соттук териштирүү башталды. Чүйдүн экс-губернатору Кубанычбек Сыйдановдун убагында менчиктештирилди делген 27,4 гектардын апрел окуясынан кийин бөлүштүрүлүшү боюнча айыл өкмөт башчысы Кубатбек Дүйшалиевге айып тагылууда.

Бүгүнкү сот жабырлануучу көрсөтмө бергенден кийин соттолуучунун адвокатынын өтүнүчү менен 25-майга жылдырылды.

Кезегинде 27,4 гектар 4 соткадан бөлүнүп, жалпы 480ден ашык жер тилкеси чыккан. Жердин алгачкы кожоюну менен айыл өкмөт тынчтык келишимин түзгөндөн кийин, 332 жер тилкеси айыл өкмөт менен эл тарапка берилген. Бул жер муктаждарга берилди делгени менен Сокулук райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы участоктордун 60-70-пайызы кайра сатылып, колдон колго өтүп кеткенин билдирүүдө. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG