Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Адам укугун коргоочу уюмдар АКШ менен Евробиримдикти Ташкен менен алакасын кайра кароого чакырышты


Эл аралык мунапыс (Amnesty International) жана Human Rights Watch эл аралык уюмдары Евробиримдик менен АКШны Өзбекстан менен алакасын кайра кароого чакырышты. Бул эки уюм өздөрүнүн билдирүүлөрүндө 2005-жылдагы Анжиян кыргынына кайрылып, адам укуктарынын абалы бул өлкөдө дале оор бойдон калып жатканына токтолушту.

Аталган уюмдар көптөгөн адамдын окко учуп өлүшүнө жана бийликке каршы чыккандардын репрессиясына алып келген ал окуядан бери жети жыл өтсө да, АКШ менен Евробиримдик ал үчүн өзбек өкмөтү жооптуу экенин ачык жарыялаша элек деп билдиришти.

2005-жылдын 13-майында Анжияндагы массалык демонстрацияга чыккандарды өзбек коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүшкөн. Окуяда канча адам өлгөнү дале белгисиз. Евробиримдик буга жооп иретинде Өзбекстанга санкцияларды жарыялап, кийинчерээк жазаноолорду жумшарткан.

XS
SM
MD
LG