Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Эл аралык космос станциясына жаңы экипаж жөнөдү


Бортунда орусиялык космонавттар Геннадий Падалка, Сергей Ревин жана америкалык астронавт Жозеф Акаба бар “Союз” кемеси Байконурдан бүгүн көтөрүлдү. Алар Эл аралык космос станциясына шаршембиде жетери күтүлүүдө.

Байконурдан адам түшкөн космос кемеси былтыр декабрдан бери алгач ирет учуп жатат. Азыркы учуруу коопсуздук жагы кошумча текшерүүлөрдү талап кылынгандыктан 40 күнгө кечигип ишке ашырылды.

Орусиянын космос агенттигинин билдиргенине караганда, кеме Орбитага ийгиликтүү кирди жана Эл аралык космос станциясы менен мерчемделген учурда тогошот. (UE)

XS
SM
MD
LG