Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

АКШ өкмөтү Өзгөндүн көчө чырактарын жаңыртып берет


Оштун Өзгөн шаарында көчө шамдары жаңыртылат. Бул үчүн 94 398 долларды АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) бөлүп берет. Жалпы узундугу 19 чакырым жердин кечки жарыгы жакшыртылат. Бөлүнгөн акчага 50 түркүк жана 396 чырак сатылып алынат.

Былтыр ушундай эле долбоор USAID жардамы менен Жалал-Абад шаарында ишке ашырылган. Натыйжада, түнкүсүн катталган кылмыштардын саны 10-15 пайызга кыскарган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG