Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Ош: ӨКМ иши боюнча эл арасында сурамжылоо жүрдү


Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун калкынын көпчүлүк бөлүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жүргүзүп жаткан иши канааттандырат. Бул тууралуу министрликтин коомдук Байкоочу кеңешинин төрагасы Муратбек Сарбанов билдирди.

Байкоочу кеңеш мүчөлөрү аталган райондорго барып, ар бир айылды аралап, тургундарга “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши Сизди канааттандырабы?” деген суроо менен кайрылган.

Сурамжылоого ар бир райондон 100дөн, жалпысынан 400дөн ашык жаран катышты. 86 пайызы канааттандырат деп жооп берди. 8 пайызын канааттандырбасы, дагы 6 пайызын министрликтин иши кызыктырбай турганы белгилүү болду.

Мындай иш-чара республиканын башка облустарында да жүргүзүлмөй болууда. Кийинки сурамжылоого “Кайсы кызматкер кандай иштеп жатат?”- деген суроо да кошулат. (RK)

XS
SM
MD
LG