Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Жалал-Абадда насыя карызы барлар митингге чыкты


Бүгүн Жалал-Абад облустук бийлик алдына 60 чакты аял митингге чогулду. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, алар төлөй албаган насыя карызы үчүн банкка алдырып койгон үйлөрүн кайтарып берүүнү талап кылышты. Банктар
берүүчү насыянын үстөк пайызын ондон ашырбоону айтып мурда алган
насыясы үчүн төлөмдөрдү бир жылча токтото туруу талабын айтышты.

Митингчилер менен жолуккан облустук бийликтин экономика бөлүмүнүн башчысы Барчынбек Жантөрөев бул маселе боюнча банк өкүлдөрү менен жолукканын, алар бүгүнкүдөй мазмундагы расмий арыздар түшпөгөндүгү тууралу билдиришкенин айтты. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG