Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Франциянын жаңы президенти ант берди


Франсуа Олланд Париждин Елисей сарайында өткөн салтанатта Франциянын жаңы президенти катары ант берди. Мурдакы президент Николя Саркози салтанат алдында Олландга ядролук бомбалардын кодун жана башка жашыруун документтерди өткөрүп берди. Бүгүн эле Франсуа Олланд жаңы өкмөт башчыны дайындап, андан соң Германияга биринчи чет элдик сапарга аттанмакчы. Олланд Берлинде Германия канцлери Ангела Меркель менен Европадагы дебиттик кризисти талкуулайт.

Социалисттик партиянын лидери Олланд 22-апрелде жана 6-майда болгон президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңген. Олланддын жакын досу Француз радиосуна берген интервьюда жаңы президент өкмөт башчылыкка парламенттеги Социалисттер фракциясынын башчысы Жан-Марк Эрону тандаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG