Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Пакистан НАТОго транзиттик жолду ачууну талкуулоодо


Пакистан жетекчилиги Ооганстандагы НАТОнун аскерлерине жүк өткөрүүгө кайра уруксат берүү маселесин талкуулоодо. Расмий Исламабад былтыр ноябрда америкалык учактын жаңылыш чабуулунан пакистандык 24 аскер катардан чыккандан кийин транзиттик жүктөрдү өткөрбөй койгон. Бул АКШ-Пакистан арасындагы мамиленин осолдошуна алып барган. Вашингтон пакистандык аскерлердин өлгөнүнө өкүнүчүн билдирип, жаңылыштыкка эки тараптын аракети алып барды деп, кечирим суроодон баш тартып койгон.

Серепчилер Пакистан өкмөтү Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк ташууну калыбына келтирет деген ишенимде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG