Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 07:27

Карызга баткан Грекия кайра шайлоо өткөрчүдөй


Бул тууралуу соңку шайлоодо парламентке өткөн партиялардын коалиция куроо боюнча сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы кечээ жыйынтыксыз аяктагандан кийин социалисттик ПАСОК партиясынын лидери Евангелос Венизелос билдирди.

6-майдагы шайлоонун натыйжасында бир дагы партия парламенттен көпчүлүктү алган эмес.

Саясий партиялар коалицияны үнөмдөө чаралары жана Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан дефолт болбош үчүн алынуучу насыянын шарттары боюнча турумдары ар башкалыгынан улам курай алган жок.

Грекиядагы саясий белгисиздик каржы базарларын солкулдатып, Грекия евроаймактан кетүүсү мүмкүн деген кеп-сөздөрдү күчөттү.

Грек президенти Каролос Папулиас бүгүн партлидерлер менен келерки айдагы шайлоого чейин иштөөчү утурумдук өкмөт куроо маселесин талкуулаган жатат.
(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG