Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Австралия ооган коопсуздук күчтөрүнө 300 млн. доллар жардам берет


Бүгүн өлкөнүн премьер-министри Жулия Гиллард менен коргоо министри Стефен Смит биргелешкен билдирүүсүндө айтышкандай, 2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетишкенден кийин Австралия ооган аскер күчтөрүнө акчалай көмөк көрсөтүүнү пландап жатат. Билдирүүгө ылайык, 2015-жылдан тарта Австралия жылына 100 млн. доллардан которуп турат.

Австралиянын 1550 аскери ооган жеринде кызмат кылат. Алар негизинен жергиликтүү аскерлерди машыктырууга тартылышкан. Гиллард өткөн айдагы билдирүүсүндө анын өкмөтү ооган жериндеги аскерлерин 2013-жылдан тарта чыгарып кетээрин айткан болчу. Бүгүнкү билдирүүсүндө Гиллард анын өкмөтү 2014-жылдан кийин деле Ооганстанда “өнүгүүгө жардам көрсөтүүчү маанилүү күчтөрүн” калтыраарын ачыктады.

XS
SM
MD
LG