Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Тажикстанда согуш учурундагы талаа командирлери оппозицияны колдогон топ түзүштү


Тажикстандагы мурдагы Элдик фронт партиясынын экс-лидерлери өлкөдө саясий оппозицияны бириктириш үчүн партияны кайра жандандыруу планын жарыялашты. Партиянын мурдагы лидери Кувватали Муродов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, кайра жаралган партия эми “Куралсыз Элдик фронт” деп аталат.

Муродовдун айтымында, алар социалдык-экономикалык проблемаларды чечип, өлкөнүн саясий турмушуна аралашыш үчүн 1992-97-жылдардагы граждандык согушта эки тарапта тең күрөшкөн талаа командирлерин топтошот. Мурдагы куралчан партия кайра жаралганы тууралуу кабар өлкөдө келерки жылы ноябрда өтө турган президенттик шайлоого саясий топтор даярдыкты баштаган учурда тарады. Бул өлкөдө президент Эмомали Рахмон соңку 20 жылдын дээрлик баарында мамлекетти башкарып келди.

XS
SM
MD
LG