Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Швецияда кылмышка шектүү өзбек жарандары кармалды


Имам Обид кары Назаров
Имам Обид кары Назаров
Швецияда белгилүү өзбек диниятчысын өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген эки өзбек жараны кармалганын “Азаттыкка” бүгүн аталган өлкөнүн Коомдук прокуратурасынын башчысы Кристер Петерссон кабарлады. Алардын соту ушул аптанын жума күнү башталаары айтылган.

Петерссон Обидхон кары Назаровду атып өлтүргөнгө аракет кылышкан деген шек менен кармалгандардын бул кылмышка тиешеси бар экенин күбөлөндүргөн далилдер жетиштүү экенин кошумчалады.

2006-жылдан бери Швецияда жашаган Обидхон кары Назаровду 22-февралда Стремсуд шаарындагы үйүнө жакын жерде атып кетишкен. Имам азыр да ооруканада эсине келе элек, абалы оор экенин кабарлашууда.

Он миңдеген колдоочулары бар Назаров азыркы президент Ислам Каримовдун олуттуу атаандаштырынын бири катары аталып жүргөн.

XS
SM
MD
LG