Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

ЖК кыйноолорго каршы улуттук борбор түзүүнү талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жат же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жаза түрлөрүн тыюу боюнча улуттук борбор тууралуу” мыйзам долбоор талкууланат.

2008-жылы Кыргызстан БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуп, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган.

Улуттук борбордун координациялык кеңеши 11 адамдан турат. Алардын бири парламенттеги оппозициядан, бирөө коалициянын өкүлү, 8 адам коомдук уюумдардан жана жарандык коомдон, 1 адам акыйкатчынын өкүлү болот. Алар жалаң гана абактарга эмес, кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, жабык жайларга алдын ала айтпастан туруп, капысынан барып мониторинг жүргүзүүгө укуктуу жана кол тийбестик мандаты болот.

Кыйноолорго каршы коалициянын маалыматы боюнча, 2009-2010-жылдары Кыргызстанда 186 кыйноо фактысы катталган, алардын 93 пайызы тергөө абактарында катталып, 3 адам каза тапкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG