Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Тажикстанда Түркиянын телесериалдарына тыюу салынды


Өлкөнүн кино жана видео агенттигинин башчысы Давлат Сафаровдун билдиргенине караганда, тыюу салынган телесериалдарда терроризм менен экстремизмдин элементтери бар. Түрк телесериалдары акыркы эки жылдан бери тажик жарандары арасында популярдуу боло баштаган.

Тажик бийликтери соңку кездери алар радикал исламдын көрүнүштөрү катары санаган нерселерге тынчыздануу билдирип келишкен. Тажикстанга чейин быйыл февралда Өзбекстанда да түрк телесериалдарына тыюу салынган.

Азербайжан болсо быйыл 1-майдан тарта өз телеканалдардында чет элдик кинолор менен телесериалдардын берилишин таптакыр токтотту.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG