Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Германия Ооганстанга жылына 150 миллион евро берип турат


Меркел менен Карзай басма сөз жыйында. Берлин, 16-май, 2012-жыл.

Меркел менен Карзай басма сөз жыйында. Берлин, 16-май, 2012-жыл.

Бул тууралуу немец канцлери Ангела Меркел кечээ Берлинде ооган президенти Хамид Карзай менен узак мөөнөткө эсептелген стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койгондон кийин билдирди. Анын айтымында, Германия 150 миллион еврону же 193 миллион долларды 2014-жылы НАТО аскерлери чыгып кеткенден кийин Ооганстандын өзүнүн полиция жана аскер күчтөрүн колдоо үчүн берип турат.

Азыр НАТОнун Ооганстандагы күчтөрү арасында жоокерлери сан жагынан көптөрдүн катарына кирген Германия Ооганстан менен билим берүү, экономика, инфраструктура жаатындагы кызматташтык келишимдерин да түздү.

Ооганстанда коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө баскыч-баскыч менен өткөрүү жана аларды колдоонун жолдору НАТОнун Чикаго саммитинде талкууланган жатат.

20-21-майдагы саммитти утурлай Австралия да 2015-жылдан тарта үч жыл Ооганстанга 300 миллион доллардан берип турууну убада кылды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG