Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Москвада оппозиция активисттеринин нааразылык акциясы уланууда


Москванын Баррикадная метросунун айланасына чогулган активисттер. 16-май, 2012-жыл.

Москванын Баррикадная метросунун айланасына чогулган активисттер. 16-май, 2012-жыл.

Орус оппозициясынын Москванын Кудринская аянтында жыйналган 2000дей тарапкерин таратуу үчүн кечээ кечинде полиция күч колдонууга аракеттенип, кеминде 30дай киши кармалган. Эки тарап каршылаша түшкөндө демонстранттар полициянын автобусун курчап, ага зыян келтиришкен.

Кудринская аянтындагы окуяларды интернет аркылуу түз чагылдырып жаткан “Новая газета” маалымдагандай, кармалгандардын эки адамдан башкасы кайра бошотулган. Оппозиянын жаңы лагеринде түндү бери дегенде 50дөй адам өткөрдү.

“РИА Новости” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, кечээ кармалгандардын бири, оппозициячыл “Солидарность” кыймылынын лидери Илья Яшиндин иши бүгүн сотто каралат. Ал полиция кызматкеринин мыйзамдуу буйругуна баш ийбеген деп айыпталууда.

Кечээ эртең менен Москванын полициясы сот чечиминин негизинде оппозиция жактоочуларынын Чистые Пруды районундагы лагерин бузган болчу. Ушундан кийин алар Кудринская аянтына жана Баррикадная метросунун айланасына көчүшкөн.

Москвадагы азыркы “мөөнөтсүз нааразылык акциялары” 6-майда Владимир Путиндин президенттик кызматка кайрадан киришүүсүн утурлай башталган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG