Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Акназарова: Бээнин сүтү деп порошок кошулган суу сатылууда


Бээнин сүтү деп айрым жерлерде белгисиз бир порошокту сууга аралаштырып сатып жатышат. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Роза Акназарова билдирди. "Ден соолугубузга кам көрөбүз деп жатып, тескерисинче, бузуп албайлы", - дейт депутат. Май-июн айларында өзгөч көп сатыла баштаган бээнин сүтүнүн сапатын, анын дарылык касиетинин сакталышын мамлекет көзөмөлгө алуусу зарыл экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG