Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Милиционердин өлүмүнө байланыштуу министр парламентке чакырылды


Ички иштер министри парламентке келип офицердин өлүмү боюнча маалымат бериши керек. Мындай сунуш бүгүн Жогорку Кеңеште айтылды. Депутат Камила Талиева бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыктан министр так маалымат берүүсү зарыл деген оюн айтты.

Кечээ, 16-майда министрликтин имаратында курал боюнча баллистикалык эксперт Надыр Абдырахманов каза тапты. Ал өзүнүн кызмат бөлмөсүндө чекесине тийген бир октон өлгөнү айтылган. Айрым маалымат булактары бул кокустук болду дешсе, айрымдар маркум милиционердин жүрүм-туруму соңку кезде бир аз башкачараак болуп, элден обочолонуп жүргөнүн, балким үй-бүлөлүк проблемаларынын айынан өз жанын кыйды деп жатышат.

Надыр Абдрахманов милицияда 1993-жылдан бери Нарында иштеп келаткан. Бир жыл мурда Бишкекке которулган. Кылмышка байланышы бар делген куралдын баллистикалык экспертизасынын 7 түрүнө уруксаты бар болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG