Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Ысык-Көлдө ала качууга каршы акция өттү


Каракол шаарынын борбордук аянтында бүгүн кыз ала качууга каршы акция өттү. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын тагдыры жөнүндө баяндаган театрлаштырылган иш-чара болду. Акцияга негизинен 50дөй студент катышты. Атайын китепчеге өз каалоо-тилектерин жазып, парламентке жибермей болушту.

Акцияны Кызыл Ай коому менен «Лидер» уюму уюштурду. Кызыл Ай коомунун расмий маалыматы боюнча, 2009-жылы Кыргызстанда 11 миң 800 кызды ала качып кетишкен. Алардын 2 060ү зордукталган. Бир жылда 700 ала качуу окуясынан 1 гана факт боюнча кылмыш иш козголот. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG