Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Ратко Младичтин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Гаагадагы эл аралык трибуналда согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан босниялык сербдердин аскер лидери Ратко Младичтин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Сот процесси кечээ эле башталган. Судьялардын төрагасы Алфонс Орье прокурорлор Младичтин күнөөсүн далилдеген фактылар менен анын адвокаттарын тааныштырып жатканда ката кетиришкен деди. Сот качан уланаары жакында белгилүү болот.

Бүгүнкү угууларда прокурор 1995-жылы Сребреницада 8 миңдей мусулманды кыруу үчүн Младичтин кол астындагы куралдуу күчтөр күнөөлүү деген далилдер бар болгонун айткан. Ал окуя Европанын аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болгон эң чоң кыргын болуп эсептелет.

70 жаштагы Младич Сребреницадагы геноцидден тышкары 11 факт боюнча айыпталууда. Прокурорлор ал босниялык мусулмандарды, хорваттарды жана серб эмес башка улуттардын өкүлдөрүн өлтүрүү же сүрүп чыгуу кампаниясын жетектөөгө жардамдашкан деп ырасташууда. Младич өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Ал күнөөлүү деп табылса, өмүр аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG