Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасы Иран боюнча резолюция кабыл алды


Конгрессмендердин 401и колдоп, 11и каршы чыккан резолюцияда Иран “өзөктүк куралга ээ болгонго чейин токтотулушу керектиги” айтылат.

Резолюцияда ошондой эле Конгресс Ирандан келген өзөктүк коркунучка жумшагыраак мамиле кылган саясатка каршы экендиги белгиленген.

Документ Вашингтон администрациясына кандайдыр бир чара көрүүгө мандат бербегени менен анын сынчылары бул АКШны Иран менен согушка жакындатат деп эсептейт.

Израил соңку кездери Иранга каршы аскерий чарага ал өзөктүк куралга ээ болгонго чейин баруу өзүн-өзү актайт деген турумду карманып келүүдө.

Президент Барак Обаманын администрациясы бул идеяны колдогон эмес.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын резолюциясы Иран талаштуу өзөктүк программасын кийинки аптада БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия менен Багдадда талкуулар алдында кабыл алынды. (UE)

XS
SM
MD
LG