Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Камактагылардын бири журналистти өлтүрүүгө аракеттенгенин мойнуна алды


Лукпан Ахмедьяров бычакталган күнү. 19-апрель, 2012-жыл.
Лукпан Ахмедьяров бычакталган күнү. 19-апрель, 2012-жыл.
Казакстанда журналист Лукпан Ахмедьяровду өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен камакта отурган эки адамдын бири кылмышын мойнуна алган. Басма сөз эркиндигин коргоочу “Адил сөз” кыймылы бул маалыматты кылмышка шектүүнүн адвокаты Багдагүл Ажигалиевага шилтеме жасап кабарлады.

Адвокат Казакстандын батышындагы Жымпиты кыштагынын ал коргоп жаткан 20 жаштагы тургуну Рауан Шынтасов Ахмедьяровду өлтүрүүгө аракеттенген топтун мүчөсү болгонун өзү эрки менен мойнуна алган.

Ахмедьяровго кол салган деген шек менен казак полициясы төрт адамды кармаган.
Алардын экөө камакта, экөө эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат менен бошотулган. Окуя быйыл 19-апрелде болгон эле. Журналист Орал шаарындагы үйүнүн астында бычакталган.

Көз карандысыз “Уральская неделя” гезитинде иштеген Лукпан Ахмедьяров бийликтерди сындаган курч макалаларды жазчу. (UE)

XS
SM
MD
LG