Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Аксыда жайыт талашка түштү


Жалал-Абаддын Аксы районунда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарынын бир нече жылкысы менен 20-30 бодо малы мамлекеттик Сары-Челек коругунан бүгүн да чыгарылган жок. Кечээ малды аталган корукка киргизбейбиз деген Аркыт айылынын тургундары менен мал ээлеринин ортосунда тополоң чыгып кете жаздаган. Бул тууралуу билдирген Сары-Челек коругунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Акыналы Дубанаевдин айтымында, аркыттыктар Сары-Челек коругуна кирген малды үч күндүн ичинде чыгаруу талабын койгон. Район акими Медет Айдаралиев Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын мал жайыты буга дейре
болбогондугун жана кечээ Аркыт айлына эки тараптан 400дөй адам чогулганын ырастады. Анын айтымында, кызылтуулуктар мал жайыт маселесин коюуда. Окуяны териштирүү үчүн райондук комиссия түзүлгөн. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG