Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Турдуева: Жолдо мерт кеткендер - кыргыз мигранттар


Орусиянын Красноярск крайында унаа кырсыкта каза тапкан жарандар кыргызстандыктар экени такталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Новосибирсктеги вице-консулу Азиза Турдуева билдирди.

Красноярск - Ачинск унаа жолунда бүгүн таң эрте киши ташып бараткан Honda астынан келаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, ичиндеги алты киши мерт болгонун Красноярск крайы боюнча жол коопсуздук башкармалыгы кабарлаган. Каза тапкандар арасында 3, 6 жана 7 жашар балдар да бар. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG