Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Эмчек рагын алдын алуу акциясы уюштурулду


Бүгүн Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүндө “ачык эшик” күнү өттү. Эмчек рагын алдын алуу максатында аялдар бекер текшерүүдөн өттү.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда эмчек рагына жыл сайын 600 аял кабылат, бул илдеттен жылына 200 аял өмүр менен кош айтышат. Улуттук онкология борборунун маммология борборунун адис дарыгери Бапан Абдразаков акыркы жылдары эмчектин рак оорусу абдан көбөйүп кеткенин “Азаттыкка” айткан. Себептеринин бири – илгеркидей текшерүү жок болуп калды, көпчүлүк аялдардын өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамилеси. Ракты алдын алыш үчүн өзүн коргой турган факторлор бар, бул - балалуу болуу, баланы алты айга чейин эмизүү керек, дешет адистер. (RK)

XS
SM
MD
LG