Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Тимошенконун кызы АКШ Конгрессинен жардам сурады


Украинанын мурдагы премьер-министри, учурда абакта отурган Юлия Тимошенконун кызы Евгения АКШдан украин бийликтрине саясий кысымды күчөтүп, анын энесин абактан чыгарууга жетишүүнү өтүндү.

Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү менен болгон видео конференцияда Евгения Тимошенко энесинин өмүрү кооптуу абалда экенин, ал дарыланууга жаткырылган Харьковдогу №5 оорукананын кызматкерлери бийликтин катуу кысымына кабылгандыгын билдирди.

Жакында Юлия Тимошенко болсо кыр аркасын дарылатуудан баш тартты. Бейшембиде аны дарылоого Германиядан барган дарыгер Лутц Хармс өз мекение кайтты.

Ага чейин Тимошенко абактын күзөтчүлөрү ага кол көтөргөнүн айтып, 3 апта бою ачкачылык жарылаган. Экс-премьер украин өкмөтүн жетектеп турганда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде 7 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG