АКШ президентинин Кэмп-Дэвиддеги резиденциясында жума күнү кечинде башталчу эки күндүк жыйында дүйнөлүк экономикадагы – анын ичинде Евроаймактагы кырдаал талкууланат.
Британиянын премьери Дэвид Кэмерон жыйынды утурлай, эгерде “Еврозона бирикпесе, ал чачырайт” – деген көз карашын кайталап, чоң коркунуч алдыда турганын эскертти.
Дүйнөлүк лидерлер глобалдык коопсуздук, Сириядагы абал менен Ирандын өзөктүк программасын дагы талкуулашат.