Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ИИМ: Коррупция боюнча жыл башынан бери 50дөй адам кармалды


Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыш топтор жана коррупцияга каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул жылдын алгачкы үч айында паракорчулук боюнча 50дөн ашык адам кармалды. Алардын 15инин иши тергелип сотко өттү. Сатыбалдиевдин айтымында, былтыр 28 адам коррупциялык иштерге шектелип кармалган.

Кыргызстанда коррупцияга каршы жараян жүрүп жатат. Эл аралык Транспэренси Интернэшнл уюмунун берген баасы боюнча Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен 166-орунда турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG