Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 20-21-май күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоо этегинде жана ойдуң жерлерде сел жүрүп, суу капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

21-майда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градус жылуу.

Бишкекте 21-майда жаан жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6... 8, күндүз 20... 22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG