Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Кытайлык көзү азиз укук коргоочу Чэн Гуанчэн АКШга жетти


Вашингтон менен Бейжиндин мамилесинде чыңалууну жараткан кытайлык көзү азиз укук коргоочу АКШга жетти. Чэн Гуанчэн жубайы жана эки баласы менен отурган учак кечээ Ньюарк аэропортуна конду. Жети жыл түрмөдө жана үй камагында жаткандан кийин Чэн быйыл апрелде өзү жашаган айылдан качып, АКШнын элчилигинде баш калкалап жаткан. Анын өлкөдөн чыгышына расмий Бейжин АКШнын басымынан кийин гана көнгөнү айтылууда. Чэн эми Нью-Йорктогу университетте билим алаары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG