Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Пакистанда "Твиттер" кайра иштей баштады


Пакистан бийликтери cоциалдык микроблог - "Twitter" байланышын сегиз сааттан кийин калыбына келтирди. Жекшемби күнү Пакистанда "Твиттер" жабылып, иштебей жаткан. Ассошэйтед Пресс агенттигинин Пакистандын телекоммуникация кызматынын башчысы Мухаммед Ясинге таянып билдиришинче, "Твиттердин" жетекчилиги Мухаммед пайгамбарга байланыштуу өткөрүлгөн каррикатуралык сүрөттөрдү микроблогдон албагандан улам социалдык түйүн жабылган. 2010-жылы ушундай сынактан улам "Фэйсбук" Пакистанда эки жума бою жабык болгон. Кээ бир мусулмандар деги эле Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууну же жарыялоону адепсиздик деп баалашат.

XS
SM
MD
LG